# 26-статья. Үч эсе айып

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 26-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-26

---

(1) Үч эсе айыпка соттолгон жабырлануучунун пайдасына материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тартибинде өндүрүлүүчү сумманын эки бөлүгүн биринчи кезекте, ал эми өндүрүлүүчү сумманын үчүнчү бөлүгүн мамлекеттин пайдасына экинчи кезекте төлөөгө милдеттүү. Үч эсе айып өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттө төлөнөт. (2) Эгерде соттолгондун үч эсе айыпты бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо сот соттолгон адамдын арызы же соттук аткаруучунун өтүнүчү боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин кийинкиге калтырышы же бөлүп төлөтүшү мүмкүн. (3) Соттолгон адам үч эсе айыпты төлөбөгөн учурда, аны өндүрүп алуу мажбурлап, анын ичинде жаза чараны соттолгондун ушул Кодекстин 137 - статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлкүнө өндүрүп алуу аркылуу, жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте жайылтуу жолу менен жүргүзүлөт. (4) Үч эсе айыпты өндүрүп алуу конфискациялоого болбой турган мүлктүн Тизмесинде көрсөтүлгөн мүлктөн жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-27)
