# 25-статья. Жазапулду төлөөдөн качуунун кесепеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 25-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-25

---

(1) Соттолгон жазапулду жүйөлүү себептерсиз белгиленген мөөнөттө төлөбөсө жана жазапулду мажбурлап өндүрүүдөн качса, соттук аткаруучу соттолгонго мындай жүрүш-турушка жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертет, бул тууралу аткаруу документтерине белги коюлат. (2) Эгерде соттолгон эскертилгенден кийин жазапулду төлөөгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп аны өндүрүп алуудан качса, болбосо аны аткаруудан жашырынса, соттук аткаруучу сотко жазапул түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 44-статьясына ылайык коомдук иштерге, же түзөтүү иштерине тартуу, же болбосо эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш берет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-26)
