# 24-статья. Жазапул түрүндөгү жазаны аткаруу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 24-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-24

---

(1) Соттолгон жазапулдун суммасын өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн тартып төлөөгө милдеттүү. (2) Эгерде соттолгондун жазапулду бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо, сот соттолгондун өтүнүчү жана жазаны аткаруучу органдын корутундусу боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин кийинкиге калтырышы же бөлүп төлөтүшү мүмкүн. (3) Соттолгон жазапулду төлөбөгөн учурда аны өндүрүп алуу мажбурлап жүргүзүлөт, анын ичинде соттолгондун ушул Кодекстин 137 - статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлкүнөн жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүп алуу жолу менен жүргүзүлөт. (4) Жазапулду өндүрүп алуу соттолгондун конфискациялоого болбой турган мүлктүн Тизмесинде көрсөтүлгөн мүлкүнө жайылтылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-25)
