Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруучу мекемелерге баруу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 марта 2013 года № 43
(1) Жазаны аткаруучу мекемелерге атайын уруксатсыз барууга:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана комиссияларынын мүчөлөрү, тиешелүү аймактын чектеринде мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ошондой эле ал тарабынан ыйгарым укук берилген прокурорлор жана ошол аймакта жазаны аткарууга көзөмөлдү түздөн-түз жүргүзгөн прокурорлор;
2) жазык-аткаруу мекемелеринин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери;
3) жазаны аткаруучу мекемелер менен органдар жайгашкан аймакта сот ишин жүзөгө ашыруучу соттордун судьялары укуктуу;
4) адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролдук жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы);
5) алардын тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына байланыштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери.
(2) Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка адамдар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдарга ушул мекемелердин администрациясынын же жазык-аткаруу тутумунун жогору турган башкаруу органдарынын атайын уруксаты боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте барууга укуктуу. (3) Соттолгондорду киного, сүрөттөө жана көргөзмө кино тартууга, алардан интервью алууга, анын ичинде жазма жана көргөзмө техниканы пайдалануу менен интервью алууга соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет. (4) Соттолгондордун коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объектилерди киного, сүрөткө жана көргөзмө киного тартуу түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат. (КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2012-жылдын 12-июлундагы № 105, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2003 года № 100 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 3-мартындагы № 111 токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 111
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-23" title="23-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>