# 22-статья. Коомдук, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдардын кылмыш-жаза жазаны аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишине катышуусу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 22-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-22

---

(1) Коомдук, өкмөттүк эмес, кайрымдуулук уюмдары, ошондой эле алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын ишине төмөнкүдөй жолдор менен катыша алышат:

1) социологиялык жана башка мониторингдерди өткөрүү;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемелерге жана алардын кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдарга жана эларалык стандарттарга ылайык соттолгондорду кармоонун шарттарын жакшыртуу жана тартипке келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү;

3) мыйзамда белгиленген тартипте колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

4) элдештирүү сот адилеттигинин жолжоболорун түзүү жана ишке киргизүүгө катышуу;

5) эркиндигинен ажыратылган жайларда жана камоодо турган адамдарга кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдарды табууга, бөлүштүрүүгө жана алардын пайдаланышын байкоого алууга түздөнтүз катышуу;

6) пенитенциардык мекемелеринин камкорчу кеңештеринин байкоочу комиссияларынын жана башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерине катышуу;

(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарга соттолгон жана камакта олтурган адамдардын жеке укуктарынын сакталышын бузган аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды, ошондой эле мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, тергөө жана башка кабарларды жарыялоого тыюу салынат. Дайындуу соттолгон жана камакта отурган адамдар тууралу маалыматтарды жарыялоого алардын жазуу түрүндөгү макулдугусуз жол берилбейт. Бул талаптар бузулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. (3) Эркиндигинен ажыратылган жайлардын администрациясы ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын жана алардын өкүлдөрүнүн келүүсүн жана коопсуздук шарттарын белгиленген тартипте камсыз кылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-23)
