# 2-статья. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын максаттары, милдеттери жана мазмуну

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 2-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-2

---

(1) Кыргыз Республикасынын жазык - аткаруу мыйзамдары соттолгондорду түзөтүү, ошондой эле соттолгондор тарабынан да, ошондой эле башка адамдар тарабынан да кылмыштарды жасоонун алдын алуу максатын көздөйт. (2) Жазык жоопкерчилигинин максаттарына ылайык Жазык - аткаруу мыйзамдарынын милдеттери жазаны аткарууну жана өтөөнү жана жазыктык укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын жөнгө салуу; аларды аткаруу процессинде жазанын максаттарына жетишүүнүн каражаттарын аныктоону, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо болуп саналат. (3) Коюлган милдеттерге ылайык Жазык - аткаруу кодекси жазаларды Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык - процесстик кодексинде каралган жазыктык - укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун жалпы жоболору менен принциптерин; жазаны аткаруунун жана өтөөнүн жана соттолгондорду түзөтүүнүн каражаттарын колдонуунун тартибин жана шарттарын; соттолгондордун укуктук статусун жана алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуунун кепилдиктеринин тутумун; жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын ишинин тартибин, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын, коомдук бирикмелер менен жарандардын соттолгондорду түзөтүүгө катышуусун; жазадан бошотуунун жана бошотулгандарды социалдык жагынан ыкташуусуна жардам көрсөтүүнүн тартибин белгилейт.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-3)
