# 17-статья. Соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 17-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-17

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана өнөкөт аракеч же баңги дартына чалдыккан, ошондой эле психикалык жагынан жапа чеккен, акыл-эси ордунда эмес адамдарга карата жазаны аткаруучу мекемелер тарабынан соттун чечими боюнча мажбурлап дарылоо колдонулат. (2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган жазаларды өтөө мезгилинде соттолгон өнөкөт аракечтик же баңгилик менен ооруганы белгиленсе, жазаны аткаруучу мекеме мындай адамга карата мажбурлап дарылоону колдонуу жөнүндө сунуш менен сотко кайрылат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган жазаларга соттолгон адамдарга жана токсикомания, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга, ошондой эле ачык түрдөгү кургак учук дартына чалдыккандарга же жыныстык оорудан дарылоонун толук курсунан өтпөгөндөргө карата тиешелүү жазаларды аткаруучу мекемелер тарабынан медициналык комиссиянын чечими боюнча милдеттүү түрдө дарылоо колдонулат. (4) Эгерде ушул статьянын биринчи же үчүнчү бөлүгүндө саналып өткөн дартка чалдыккан адамдар эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттолсо, дарылоо мыйзамдарга ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-16)  
Кийинки берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-17-1)
