# 150-статья. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 150-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-150

---

(1) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган жерине акысыз баруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жол жүргөн мезгилинде тамак-аш азыктары же акча менен камсыз кылынат. (2) Маалына жараша кийим-кечеги, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаттары жок эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар кийим жана бут кийим менен бюджеттин эсебинен камсыз кылынат. Аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акчалай бир жолку жөлөкпул берилиши мүмкүн. (3) Жазадан бошотулуп жаткан адамды тамак-аш, кийим-кечек, бут кийим менен камсыздоо, аларга бир жолку акчалай жөлөкпул берүү, ошондой эле жол киресин төлөп берүү жазаны аткаруучу мекеме тарабынан жүргүзүлөт. (4) Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана жаш баласы бар аялдарды, ошондой эле жашы жете элек балдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясы алардын туугандарына, болбосо башка адамдарга алдын ала кабарлайт. (5) Ушул статьянын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар, ошондой эле он алты жаш куракка чейинки жашы жете электер жашаган жерине туугандарынын же аны алып кетүү үчүн келген башка адамдардын, болбосо түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин коштоосу менен жөнөтүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-149)  
Кийинки берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-151)
