15-статья. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекемелер менен органдардын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 марта 2013 года № 43
(1) Жазапул, үч эсе айып жана мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза өкүм чыгарган соттун соттук аткаруучулары тарабынан, ошондой эле мүлк турган жердеги сот же соттолгон адам иштеген жердеги сот тарабынан аткарылат. (2) Коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза соттолгон адам жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан аткарылат. (3) Белгилүү иш жүргүзүү же белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адам жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы, түзөтүү мекемеси жана дисциплинардык аскер бөлүгү тарабынан аткарылат. Белгилүү иш жүргүзүү же белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдүн талаптары соттолгон адам иштеген жердин администрациясы тарабынан, ошондой эле мыйзамга ылайык иштин тиешелүү түрүн иштөөгө берилген уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдар тарабынан аткарылат. (4) Эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазалар жазык-аткаруу тутумунун мекемелери тарабынан аткарылат. (5) Атайын же аскердик наамдан ажыратуу түрүндөгү жаза наамды ыйгарган орган тарабынан аткарылат. (6) Аскер кызматчыларына карата жаза аскер бөлүктөрү үчүн атайын арналган дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө аткарылат. (7) Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондор жазык-аткаруу инспекциясынын контролдугу астында болот. (8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте, соттолгондун жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгонду ресоциализациялоо процессине коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-15" title="15-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>