# 149-статья. Жазаны аткаруучу мекемелердин бошотулуп жаткан соттолгондорду эмгектик жана турмуш-тиричилик жактан жайгаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 149-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-149

---

(1) Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда жазаны аткаруучу мекеме соттолгон адам тандап алган жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана иш менен камсыз кылуу кызматына анын алдыда бошой тургандыгы, турак-жайынын бар же жок экендиги, эмгекке жарактуулугу жана болгон адистиктери жөнүндө кабарлайт. (2) Бошотууга даярдоо максатында соттолгон адам менен тарбиялоо иштери жүргүзүлөт, анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт. (3) Соттолгон I жана II топтогу майыптар, ошондой эле пенсиялык жаш курагына жеткен соттолгон эркектер жана аялдар алардын өтүнүчү боюнча жана жазаны аткаруучу мекеменин сунушу боюнча социалдык жагынан коргоо органдары тарабынан майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [148-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-148)  
Кийинки берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-150)
