# 147-статья. Соттолгон аялдын жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттарын сактабашынын, болбосо баланын

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 27.07.2004 [Закон КР от 27 июля 2004 года № 101 "О внесении дополнения и изменений в Уголовный Кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1500)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 147-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-147

---

он төрт жашка толушунун натыйжалары

(1) Соттолгон аял бошотулгандан кийин эки жумалык мөөнөттүн ичинде келбеген учурда, жазык-аткаруу инспекциясы алгачкы издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат, ал эми алар ийгиликсиз болгондо сотко ага издөө жарыялоо тууралу сунуштама киргизет. (2) Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу колдонулган, коомдук тартипти же эмгек тартибин бузууга жол берген соттолгон аялга, эгерде ага карата кийинкиге калтыруу мезгилинде администрациялык жаза-чара же тартиптик таасир көрсөтүү чаралары колдонулса, болбосо ал баланы тарбиялоодон же аны багуудан качса, жазык-аткаруу инспекциясы эки жолу эскертүү жарыялайт. (3) Эгерде соттолгон аял баласынан баш тартса, аны балдар үйүнө өткөрүп берсе, болбосо жашырынып калса же эскертүү берилгенден кийин баланы тарбиялоодон, аны багуудан качса, коомдук тартипти же эмгек тартибин бузууга кайрадан жол берсе, ал жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы сотко жазаны аткарууну кийинкиге калтырууну бузуу жана аны өкүмдө белгиленген жаза өтөө үчүн жөнөтүү жөнүндө сунуш киргизет. Сунушка аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү тиркелет. (4) Бала он төрт жашка толгондо, болбосо ал өлүп калган учурда, соттолгон аял жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы анын жүрүш-турушун, баланы тарбиялоого карата мамилесин, жасаган кылмышынын мүнөзүн, жазанын өтөлгөн жана өтөлө элек мөөнөтүн эске алуу менен сотко соттолгон аялды жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, болбосо жазаны кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу тууралу, болбосо аны эркиндигинен ажыратуу жайларына жөнөтүү жөнүндө сунуш жөнөтөт. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-146)  
Кийинки берене: [148-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-148)
