# 146-статья. Кош бойлуу аялдарга жана жаш балдары бар аялдарга карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 27.07.2004 [Закон КР от 27 июля 2004 года № 101 "О внесении дополнения и изменений в Уголовный Кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1500)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 146-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-146

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатышкан кош бойлуу аялдарга жана жаш балдары бар аялдарга тийиштүүлүгүнө жараша сот тарабынан жазаны өтөөнүн мөөнөтүн бир жылга чейин же бала он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. (2) Жазаны аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу тууралу өтүнмөнү түзөтүү мекемесинин администрациясы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте бир жумалык мөөнөттө сотко жөнөтөт. Чечимге түзөтүү мекемесинин администрациясынын мүнөздөмөсү, туугандарынын аялды жана баланы кабыл алууга, аларга турак-жай берүүгө жана жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө макулдугу жөнүндө маалымдама, кош бойлуулук жөнүндө болбосо баласы бар экени жөнүндө медициналык корутунду, ошондой эле өздүк ишкагазы тиркелет. (3) Сот жазаны аткарууну кийинкиге калтырууга уруксат берүүдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте соттун чечимине даттанууга болот. (4) Түзөтүү абагынын администрациясы аялга карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө соттун аныктамасын алгандан кийин аны бошотот. Соттолгон аялдан келген күнүнөн тартып жашаган жериндеги жазык-аткаруу инспекциясына үч күндүк мөөнөттө баруусу жөнүндө колкат алынат. (5) Соттолгон аял жашаган жерине мамлекеттин эсебинен барат. (6) Бошотулган күнү ал аял жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясына жазаны аткаруунун кийинкиге калтырылгандыгы жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү, анын бошотулган күнүн көрсөтүү менен жөнөтүлөт. (7) Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгон аялды эсепке алат жана кийин анын жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашырат. (8) Соттолгон аял келгенден кийин жазык-аткаруу инспекциясы үч сутканын ичинде соттолгон аял бошогон жердеги түзөтүү мекемесине ырастоо жиберүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [145-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-145-2)  
Кийинки берене: [147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-147)
