# 145-статья. Жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга карата сунуш берүүнүн тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.06.2017 [Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111611); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 08.07.2002 [Закон КР от 8 июля 2002 года N 114 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1071)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920691..920692>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 145-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-145

---

(1) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу колдонулушу мүмкүн болгон соттолгонго карата жазанын аткарылышын жүргүзгөн мекеме же орган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте соттолгонду жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, болбосо анын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу тууралу сотко сунуш киргизиши мүмкүн. (2) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга, жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштырууга жана ырайым кылууга карата сунушта соттолгондун инсандыгын мүнөздөгөн маалыматтар, ошондой эле анын жүрүш-турушу, жаза өтөө мезгилиндеги анын эмгекке жана окууга болгон мамилеси камтылууга тийиш. (3) Мунапыс берүүнү колдонуунун тартиби мунапыс берүү жөнүндө актыны чыгарган орган тарабынан аныкталат. (4) Ырайым кылууга сунуш берилген соттолгонго карата жазаны аткаруучу орган тарабынан тиешелүү өтүнүч Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте киргизилет. (5) Психикасынын бузулушуна байланыштуу жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы тарабынан сотко киргизилет. Сунуш менен бир эле мезгилде медициналык комиссиянын корутундусу жана соттолгондун жекече иши жөнөтүлөт. (6) Башка катуу оорусуна байланыштуу жазасын өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы тарабынан сотко киргизилет. Сотко сунуш берүү менен бир эле мезгилде медициналык же врачтык - эмгектик эксперттик комиссиянын корутундусу жана соттолгондун жекече иши жөнөтүлөт. Сунушта жазасын өтөө мезгилинде соттолгондун жүрүш-турушун мүнөздөгөн маалыматтар камтылууга тийиш. (7) Коомдук жумуштарга соттолгон адамдар I жана II топтогу майып деп табылган учурда, жазаны аткаруучу мекеме же орган аны жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш киргизет. (8) Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага соттолгон аял кош бойлуу болгон учурда, жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы кош бойлуулугу жана төрөт боюнча жумуштардан бошотулган учурдан тартып, аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сотко сунуш киргизет. (9) Соттолгон адам жазанын мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген бөлүгүн өтөгөндөн кийин жазаны аткарган мекеменин же органдын администрациясы бир айлык мөөнөттүн ичинде жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш берүү же андан баш тартуу тууралу маселени карап чыгууга жана жүйөлөштүрүлгөн токтомду сотко киргизүүгө милдеттүү. (10) Сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан, кыйла жеңил жаза менен алмаштыруудан баш тарткан учурда ушул негиздердин кайсынысы боюнча болсун экинчи жолу сунуш берүү, баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин жасалышы мүмкүн. (11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт. Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн. (12) (Бөлүк КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (13) (Бөлүк КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Эскертүү: Соттолгондун күнөөсүн мойнуна албаганы шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн тоскоолдук болуп эсептелбейт. (КР 2002-жылдын № 8-июлундагы № 114 , 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-144)  
Кийинки берене: [145-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-145-1)
