# 143-статья. Жаза өтөөнүн токтотулушу жана бошотуунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 143-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-143

---

(1) Белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жаза өтөө мыйзамга ылайык жазанын мөөнөтүнө киргизилиши мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүндө токтотулат. (2) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн биринчи жарымында бошотулат. Эгерде жазанын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон адам жазасын өтөөдөн дем алыштын же майрамдын алдындагы күндө бошотулат. Мөөнөт айлар менен эсептелгенде ал акыркы айдын тиешелүү күнү, ал эми ошол айда тиешелүү күн жок болсо, ушул айдын акыркы күнү аяктайт. (3) Бошотуу учурунда соттолгон адамга ага таандык болгон буюмдары жана баалуулуктары, жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана жеке документтери, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү маалымдама берилет, анда бошотуунун негиздери жана анын эмгектик иши жөнүндө документтер көрсөтүлөт. Бошотулган адамга эркиндигинен ажыратуу жайларынан алынган билим жана өндүрүштүк квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер берилет. (4) Соттолгондун жекече ишинде сакталып турган, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп жаткан адамдын паспорту, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү жана башка жеке документтери бошотулганда анын колуна берилет. (5) Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күнү, ал эми документтер жумуш күнү аяктагандан кийин алынса, кийинки күнү эртең менен жүргүзүлөт. (6) Жазык ишинин токтотулушуна байланыштуу өкүмдүн бузулушунун натыйжасында жазасын өтөөдөн бошотулган адамга жазаны аткаруучу мекеменин же органдын зардалы тарабынан анын мүлктүк, эмгектик, турак-жайлык жана башка жоготулган укуктарын калыбына келтирүүгө болгон укугу түшүндүрүлөт. Бошотуу жөнүндө документте мамлекеттин атынан соттолгондон расмий түрдө кечирим суралат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-142)  
Кийинки берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-144)
