143-статья. Жаза өтөөнүн токтотулушу жана бошотуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жаза өтөө мыйзамга ылайык жазанын мөөнөтүнө киргизилиши мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүндө токтотулат. (2) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн биринчи жарымында бошотулат. Эгерде жазанын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон адам жазасын өтөөдөн дем алыштын же майрамдын алдындагы күндө бошотулат. Мөөнөт айлар менен эсептелгенде ал акыркы айдын тиешелүү күнү, ал эми ошол айда тиешелүү күн жок болсо, ушул айдын акыркы күнү аяктайт. (3) Бошотуу учурунда соттолгон адамга ага таандык болгон буюмдары жана баалуулуктары, жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана жеке документтери, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү маалымдама берилет, анда бошотуунун негиздери жана анын эмгектик иши жөнүндө документтер көрсөтүлөт. Бошотулган адамга эркиндигинен ажыратуу жайларынан алынган билим жана өндүрүштүк квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер берилет. (4) Соттолгондун жекече ишинде сакталып турган, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп жаткан адамдын паспорту, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү жана башка жеке документтери бошотулганда анын колуна берилет. (5) Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күнү, ал эми документтер жумуш күнү аяктагандан кийин алынса, кийинки күнү эртең менен жүргүзүлөт. (6) Жазык ишинин токтотулушуна байланыштуу өкүмдүн бузулушунун натыйжасында жазасын өтөөдөн бошотулган адамга жазаны аткаруучу мекеменин же органдын зардалы тарабынан анын мүлктүк, эмгектик, турак-жайлык жана башка жоготулган укуктарын калыбына келтирүүгө болгон укугу түшүндүрүлөт. Бошотуу жөнүндө документте мамлекеттин атынан соттолгондон расмий түрдө кечирим суралат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
143-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, коомдук жумуштар, алынып салынды: камакка алуу, кошулду: түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле алынып салынды: дисцишшнардык кошулду: дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жаза өтөө мыйзамга ылайык жазанын … эске алуу менен жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүндө токтотулат.
(2) алынып салынды: Камакка алууга жана эркиндигинен кошулду: Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн биринчи … документтер берилет.
(4) Соттолгондун жекече ишинде сакталып турган, алынып салынды: камакка алуу же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп жаткан адамдын … мекеменин же органдын зардалы тарабынан анын мүлктүк, эмгектик, алынып салынды: турак -жайлык кошулду: турак-жайлык жана башка жоготулган укуктарын калыбына келтирүүгө болгон укугу … мамлекеттин атынан соттолгондон расмий түрдө кечирим суралат.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-143" title="143-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>