# 14-статья. Соттолгондордун кайрылуулары жана аларды кароонун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 14-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-14

---

(1) Соттолгондор өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтө алышат. (2) Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары оозеки жана жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Алар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан каралат. (3) Ушул Кодекстин 11-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн башкаруунун жогорку органдарына жана башка органдарга эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо, эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары дареги боюнча жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан жөнөтүлөт. Жазанын башка түрүнө соттолгондор сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын өз алдынча жөнөтүшөт. (4) Соттолгондордун жазаны аткаруучу мекемелер менен уюмдардын администрациясынын чечимдери жана аракеттери жаатындагы сунуштары, арыздары жана даттануулары бул чечимдер менен аракеттерди токтото турбайт. (5) Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары багытталган органдар жана кызмат адамдары аларды мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө карап чыгууга жана кабыл алынган чечимдерди соттолгондорго жеткирүүгө тийиш. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-15)
