# 138-статья. Мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүмдү аткаруу боюнча соттук аткаруучунун аракеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 138-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-138

---

(1) Соттук аткаруучу аткаруу барагын алгандан кийин токтоосуз түрдө тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет, конфискацияланууга тийиш болгон башка мүлктү аныктайт жана аны тизмеге киргизет. Эгерде мүлктүн тизмеси түзүлбөсө, ал соттолгондун конфискацияланууга тийиш болгон мүлкүн аныктоого карата чараларды көрөт жана ал табылганда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ушул мүлктүн тизмесин түзөт. (2) Тизмеде ар бир нерсенин толук жана так аталышы, анын айырмалуу белгилери, анын ичинде түсү, өлчөмү, эскиргендигинин даражасы жана жекече мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт. Тизмеге түшүрүлгөн нерселер сактоого берилет, ал эми зарыл учурда ага пломба коюлат жана мөөр басылат, бул тууралу тизмеге белги коюлат. Мүлктүн тизмесине аманаттарында же сактоосунда болгон акчалай каражаттары жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтар киргизилип, тиешелүү кредиттик уюмдардын маалымдамалары тиркелет. (3) Соттук аткаруучу тизмеге алынган мүлктүн сакталышына карата зарыл чараларды көрүү максатында мүлктү уюмдарга жана жарандарга сактоого бериши мүмкүн (4) Соттук аткаруучу тарабынан түзүлгөн мүлк тизмеси сот тарабынан бекитилет.. (5) Соттолгондун жалпы жана биргелешкен менчиктеги үлүшү жазаны аткаруучу органдын сунушу боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде сот тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-137)  
Кийинки берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-139)
