138-статья. Мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүмдү аткаруу боюнча соттук аткаруучунун аракеттери
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттук аткаруучу аткаруу барагын алгандан кийин токтоосуз түрдө тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет, конфискацияланууга тийиш болгон башка мүлктү аныктайт жана аны тизмеге киргизет. Эгерде мүлктүн тизмеси түзүлбөсө, ал соттолгондун конфискацияланууга тийиш болгон мүлкүн аныктоого карата чараларды көрөт жана ал табылганда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ушул мүлктүн тизмесин түзөт. (2) Тизмеде ар бир нерсенин толук жана так аталышы, анын айырмалуу белгилери, анын ичинде түсү, өлчөмү, эскиргендигинин даражасы жана жекече мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт. Тизмеге түшүрүлгөн нерселер сактоого берилет, ал эми зарыл учурда ага пломба коюлат жана мөөр басылат, бул тууралу тизмеге белги коюлат. Мүлктүн тизмесине аманаттарында же сактоосунда болгон акчалай каражаттары жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтар киргизилип, тиешелүү кредиттик уюмдардын маалымдамалары тиркелет. (3) Соттук аткаруучу тизмеге алынган мүлктүн сакталышына карата зарыл чараларды көрүү максатында мүлктү уюмдарга жана жарандарга сактоого бериши мүмкүн (4) Соттук аткаруучу тарабынан түзүлгөн мүлк тизмеси сот тарабынан бекитилет.. (5) Соттолгондун жалпы жана биргелешкен менчиктеги үлүшү жазаны аткаруучу органдын сунушу боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде сот тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-138" title="138-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>