# 137-статья. Конфискацияланууга тийиш болгон мүлк

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203850)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920685..920686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 137-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-137

---

(1) Соттолгондун мүлкү, анын ичинде жалпы же биргелешкен менчиктеги, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы анын үлүшү, акчалары, баалуу кагаздары, анын ичинде анын эсептериндеги, салымдарындагы, сактоолорундагы, каржылоо-кредит мекемелери менен банктардын ишенимдүү башкаруусундагы башка баалуулуктары, ошондой эле соттолгон адам тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген мүлк конфискацияланууга тийиш. Соттолгондун коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында болгон мүлкүн конфискациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. (2) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпай турган мүлктүн Тизмесинде саналып өткөн мүлк конфискацияланууга тийиш эмес. (3) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга тийиш болбогон мүлктүн кимге таандык экендиги жөнүндө талаштар жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде чечилет. (КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-136)  
Кийинки берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-138)
