# 135-статья. Атайын же аскердик наамынан ажыратуу жөнүндө өкүмдү аткаруу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 135-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-135

---

(1) Соттолгонду атайын же аскердик наамынан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот анын көчүрмөсүн наамды ыйгарган органга же кызмат адамына жиберет. (2) Кызмат адамы белгиленген тартипте тиешелүү документтерге соттолгондун наамынан ажыратылышы жөнүндө жазат, ошондой эле аны наамга байланыштуу укуктарынан жана жеңилдиктеринен ажыратууга карата чара көрөт. (3) Запастагы аскер кызматчысына карата өкүмдүн көчүрмөсү ал катталган жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт. (4) Кызмат адамы өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирет.

---

Мурунку берене: [134-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-134)  
Кийинки берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-136)
