# 134-статья. Соттолгон аскер кызматчыларынын дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысын чыныгы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептөө

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 134-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-134

---

(1) Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт. (2) Аскердик адистикке ээ болгон, аскердик уставдардын талаптарын жакшы билген жана так аткарган жана кызматты кынтыксыз өтөгөн адамдарга, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүнөн өзүнүн курбулары запаска бошонуп кеткен адамдарга, эгерде алар жазасын өтөө менен аскердик дисциплинаны жакшы сактаса, эмгекке жана аскер кызматына ак ниет мамиле жасаса-дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелиши мүмкүн. (3) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убакытты аскер кызматынын чакыруу боюнча же контракт боюнча мөөнөтүнө эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-133)  
Кийинки берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-135)
