134-статья. Соттолгон аскер кызматчыларынын дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысын чыныгы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептөө
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт. (2) Аскердик адистикке ээ болгон, аскердик уставдардын талаптарын жакшы билген жана так аткарган жана кызматты кынтыксыз өтөгөн адамдарга, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүнөн өзүнүн курбулары запаска бошонуп кеткен адамдарга, эгерде алар жазасын өтөө менен аскердик дисциплинаны жакшы сактаса, эмгекке жана аскер кызматына ак ниет мамиле жасаса-дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелиши мүмкүн. (3) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убакытты аскер кызматынын чакыруу боюнча же контракт боюнча мөөнөтүнө эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
134-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-134" title="134-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>