# 132-статья. Соттолгондорду материалдык, турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 132-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-132

---

(1) Соттолгондор үчүн аскер уставдарынын талаптарына ылайык зарыл болгон турак жай-тиричилик шарттары түзүлөт. (2) Соттолгондор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдер боюнча азык-түлүк жана буюм мүлктөрү менен камсыз кылынат. (3) Соттолгондорду медициналык жагынан камсыз кылуу аскер уставдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. (4) Жатып дарыланууга муктаж болгон соттолгондор кайтаруу астында госпиталда дарылоого жөнөтүлөт жана атайын жабдылган палаталарда кармалат. Соттолгондорду госпиталдын чектеринде кайтаруу госпиталь жайгашкан жердеги гарнизондун зардалынын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат. (5) Соттолгондордун акчалай каражаттары алардын жеке эсептерине кызматтык маянасынын эсеби боюнча же кызматка чакырылган биринчи жылдагы аскер кызматчылары үчүн тарифтик разрядка которуу боюнча ай сайын чегерилет. Тамеки менен камсыз кылууну компенсациялаган акча соттолгондордун жеке эсебине чегерилет. (6) Соттолгондор ээ болууга, накталай эмес эсептешүү боюнча сатып алууга же аманат жөнөтүүлөрдө, бандеролдордо жана берип жиберүүлөрдө алууга уруксат берилген күндөлүк керектелүүчү буюмдардын жана тамак аш азыктарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-131)  
Кийинки берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-133)
