# 13-статья. Соттолгондордун дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигин камсыз кылуу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 13-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-13

---

(1) Соттолгондорго дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги гарантияланат. (2) Дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу ыктыярдуу болуп саналат, ал жазаны аткаруучу мекеменин ички тартибинин белгиленген эрежелерин бузбоого, ошондой эле башка адамдардын укуктарына шек келтирбөөгө тийиш. (3) Жазасын эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп жаткан адамдарга алардын өтүнүчү боюнча белгиленген тартипте катталган диний бирикмелердин дин кызматкерлери чакырылат. Жазаны аткаруучу мекемелерде соттолгондорго диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө, диний буюмдарды жана диний адабияттарды пайдаланууга уруксат берилет. Бул максаттар үчүн мекеменин администрациясы тиешелүү имарат-жай бөлүп берет. (4) Жеке камераларда, айыптык жана дисциплинардык изоляторлордо, ошондой эле камералык типтеги жайларда кармалып жаткан соттолгондорго жеке коопсуздугун камсыз кылуу шарты менен дин кызматкерлери киргизилет. (5) Оорусу катуу соттолгондорго, ошондой эле өкүмдү аткаруунун алдында алардын өтүнүчү боюнча диний кызматкерлерди чакыруу менен бардык зарыл болгон диний ырым-жырымдарды жасоого мүмкүнчүлүк берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-14)
