128-статья. Соттолгондордун коомчулук кеңештери
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгынын соттолгондорду түзөтүү боюнча жумушуна көмөк көрсөтүү максатында роталарда өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушу, эмгекке жана аскердик кызматка ак ниет мамилеси менен өзүн көрсөткөн адамдардын ичинен соттолгондордун кеңештери түзүлөт. (2) Соттолгондордун кеңештери соттолгондордун чогулушунда шайланат жана дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет, ал бул кеңештин ишине контролдукту жүзөгө ашырат. (3) Соттолгондордун кеңеши тарбиялоо иш-чараларын жана соттолгондордун эс алуусун уюштурууда бөлүктүн командирине жардам көрсөтөт, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүп жаткан талапкерлерди талкуулоого катышат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
128-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-128" title="128-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>