125-статья. Соттолгондордун эмгеги
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттолгондор дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өндүрүштүк ишканаларында (объекттерде), болбосо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталган башка объекттерде эмгекке тартылат, (2) Соттолгондорду аскер ишканаларында жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болбогондо, алар тартиптин талаптарын сактоо менен башка мамлекеттик ишканалар менен уюмдарда эмгекке тартылышы мүмкүн. (3) Соттолгондордун эмгеги эмгек жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен уюштурулат. (4) Соттолгондор тарабынан аткарылган жумаштарга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ошол ишканада (уюмда) белгиленген ченемдер жана баалоолор жайылтылат. (5) Ишканалар (уюмдар) тарабынан соттолгондордун эмгеги үчүн эсептелген суммалардын элүү пайызы дисциплинардык аскер бөлүгүн жакшыртуу, өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүү жана өнүктүрүү, материалдык сыйлоо жана соттолгондордун социалдык-тиричилик муктаждыктарын чечүү үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнө которулат, ал эми калган бөлүгү соттолгондун жеке эсебине түшөт.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
125-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-125" title="125-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>