121-статья. Соттолгондордун жолугушуусу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттолгон аскер кызматчылары кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуута укуктуу болот. (2) Туугандары жана башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар айына эки жолу төрт саатка чейинки узактыкта атайын жабдылган бөлмөдө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өкүлүнүн байкоосу астында, дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан белгиленген күндөрдө жана сааттарда жумуштан жана сабактардан бош мезгилде берилет. (3) Узак мөөнөттүү жолугушуулар жубайы жана жакын туугандары менен, ал эми өзгөчө учурларда бөлүктүн командиринин уруксаты боюнча башка адамдар менен жыл ичинде төрт жолу үч суткага чейинки узактыкта дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү атайын жабдылган имарат жайында, болбосо бөлүктүн командиринин кароосу боюнча анын чегинен тышкаркы жерде бирге жашоого укук берүү менен берилет. (4) Узак мөөнөттүү жолугушуу убагында соттолгондор жумуштардан жана көнүгүүлөрдөн бошотулат. (5) Соттолгондордун өтүнүчү боюнча кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу телефон аркылуу сүйлөшүү менен алмаштырылышы мүмкүн. (6) Юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондорго адвокаттар же юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилиши мүмкүн. Соттолгондордун жана адвокаттын каалоосу боюнча жолугушуу жекеме -жеке жана убактысын чектебестен берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-121" title="121-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>