# 113-статья. Коомдук кошундардын тарбия абактарынын ишине катышуусу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 мая 2014 года № 82 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205302)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920686..920687>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 113-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-113

---

(1) Абактын администрациясына окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, соттолгондорду социалдык жактан коргоо, бошотулуп жаткандарды эмгекке жана турмуш-тиричилик жагынан жайгаштыруу маселелерин чечүүдө жардам көрсөтүү үчүн тарбиялоо абагынын алдында Камкорчу кеңеши түзүлөт. Камкорчу кеңешин уюштуруу жана анын иши мыйзамда аныкталат. (2) Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана абактын администрациясына жардам көрсөтүү максатында тарбиялоо абагындагы отряддардын алдында соттолгондордун ата-энелеринен жана башка жакын туугандарынан ата-энелер комитеттери түзүлүшү мүмкүн. Ата-энелер комитеттеринин иши тарбиялоо абагынын зардалы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат (3) Тарбия абактарынын ишине башка коомдук бирикмелер да катышышы мүмкүн. (КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-112)  
Кийинки берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-119)
