# 112-статья. Окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920684..920685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 112-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-112

---

(1) Соттолгондорду түзөтүү жана аларды өз алдынча турмушка даярдоо максатында соттолгондордо мыйзамга ылайык жүрүш-турушту, эмгекке жана окууга ак ниет мамилени калыптандырууга, баштапкы кесиптик билим алууга, кесиптик жагынан даярдоого, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү окуу-тарбиялоо процесси уюштурулат. (2) Жалпы билим берүүчү жана кесиптик-техникалык окутуу жалпы билим берүүчү кечки мектептин, кесиптик-техникалык окуу жайынын жана тарбиялоо абагынын ишканасынын базасында жүзөгө ашырылат. (3) Он алты жашка чыккан соттолгон жашы жетелектер орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелеринде сырттан окууга укуктуу. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-113)
