# 11-статья. Соттолгондордун негизги укуктары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 11-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-11

---

(1) Соттолгондор өздөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, сот тарабынан берилген жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Администрация соттолгондорго аталган маалыматты берүүгө, ошондой эле аларды жазык жазаларын өтөөнүн тартибиндеги жана шарттарындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырууга милдеттүү. (2) Жазасын өтөп жаткан адамдар кызматчылардын сылык мамиле жасашына укуктуу. Алар катаал же адамдыя кадыр-баркын кемсинткен мамилеге кириптер болбоого тийиш. Соттолгондорго карата мажбурлоо чаралары ушул Мыйзамдын негизинде гана колдонулушу мүмкүн. (3) Соттолгондор өздөрүнүн макул - макул эместигине карабастан, өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген медициналык жана башка тажрыйбаларга кириптер болушу мүмкүн эмес. (4) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле, эгерде укуктук коргоонун мамлекеттин ичиндеги бардык каражаттары колдонулуп бүгсө, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укуктуу. (5) Соттолгондор эне тилинде же өзү билген ар кандай тилде түшүнүк берүүгө жана кат жазышууга, ошондой эле ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга, зарыл учурларда тилмечтин кызматынан пайдаланууга укуктуу. Соттолгондорго жооптор алар кайрылган тилде берилет. Алар кайрылган тилде жооп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондо - жооп мамлекеттик же расмий тилде берилет. Жоопту кайрылган тилге которуп берүү жазаны аткаруучу мекеме же орган тарабынан камсыз кылынат. (6) Соттолгондор саламаттыгын сактоого, анын ичинде медициналык корутундуга жараша амбулаториялык - эмканалык же жатып дарылануу шарттарында баштапкы медициналык - санитардык жана атайын медициналык жардамды алууга укуктуу. (7) Соттолгондор мыйзамдарга ылайык жалпы негиздерде социалдык жагынан камсыздоого укуктуу. (8) Квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондор адвокаттардын, ошондой эле ушундай жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдардын кызматынан пайдалана алышат. (9) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар ошондой эле өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери менен, ал эми Кыргыз Республикасында дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары алардын таламдарын коргоону өзүнө алган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоо боюнча иш жүргүзгөн эл аралык органдар менен байланышта болууга укуктуу. (10) Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул Кодекс, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленет. (11) Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруу ички тартиптин белгиленген эрежелерин бузбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-12)
