# 108-статья. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920684..920685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 108-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-108

---

(1) Дисциплинардык изоляторго отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефон аркылуу сүйлөшүүгө, тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга, аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, кинофильмдер менен телеберүүлөрдү көрүүгө, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды ойноого жана тамеки тартууга тыюу салынат. Алар күн сайын узактыгы эки саат сейилдөөдөн пайдаланууга укуктуу. (2) Дисциплинардык изоляторго отургузулган соттолгондорго карата дисциплинардык изоляторго отургузуудан башка бардык жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн. (3) Соттолгонду дисциплинардык изолятордон мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-109)
