# 103-статья. Жалпы тартиптеги тарбия абактары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 103-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-103

---

(1) Жалпы тартиптеги тарбия абактарында эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон жашы жете элек эркек балдар, ошондой эле жашы жете элек кыздар жазасын өтөйт. (2) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчаны тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он эки кыска мөөнөттүү жана сегиз узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он эки аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он эки бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 10 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын жеңилдик берүүчү шарттарда өтөп жаткан соттолгондор, эреже катары, абактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз, бирок көзөмөл алдында жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчаны турмуш-тиричилик муктаждыктарына чыгымдоого;

2) накталай акчаларды пайдаланууга;

3) аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга;

4) жыл ичинде кыска мөөнөтүү жолугушууларды чектөөсүз алууга, ошондой эле узак мөөнөттүү он эки жолугушуу алууга;

5) жарандык үлгүдөгү кийим жана бут кийим кийүүгө;

6) бир жылда телефон аркылуу 12 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-102-1)  
Кийинки берене: [104-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-104)
