# 10-статья. Соттолгондордун негизги милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 10-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-10

---

(1) Соттолгондор Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга, ошондой эле коомдо кабыл алынган жүрүш - туруштун адеп - ахлактык ченемдерин сактоого тийиш. (2) Соттолгондор жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктаган жазык - аткаруу мыйзамынын, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү. (3) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамга негизделген талаптарын аткарууга милдеттүү. (4) Соттолгондор кызматчыларга, жазаны аткаруучу мекемеге келген башка адамдарга, ошондой эле башка соттолгондорго сылык мамиле кылууга милдеттүү. (5) Соттолгондордун өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет. (6) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын чакыруусу боюнча келүүгө жана өкүмдү аткаруу маселелери боюнча түшүнүктөрдү берүүгө милдеттүү. Келбей койгон учурда соттолгон адам мажбурлап алынып келинет жана ага карата дисцишшнардык таасир көрсөтүүнүн чаралары колдонулат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-11)
