Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-16.
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 16-октябры № 140
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, N 7, 368-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 1-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын: "1-статья. Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы
Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы - мамлекеттик чек араны сактоо жана кайтаруу, чек ара контролун жүзөгө ашыруу, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу үчүн арналган аткаруу бийлигинин тутумундагы бирдиктүү мамлекеттик орган.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Президентине 2003-жылдын 1-январына чейин өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2003-жылдын 1-январына чейин өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынан алынган бүткүл мүлктү Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына өткөрүп берүү боюнча чараларды кошуп алганда аткаруу бийлигинин тутумундагы бирдиктүү орган катары чек ара кызматынын ишин камсыз кылуучу чараларды көрүү тапшырылсын.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 618 "“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 28.10.2014 · № 618 · Күчүн жоготкон
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон