# 9-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847772..847773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 9-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-9

---

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Конституцияны, Кыргыз Республикасынын ушул жана башка мыйзамдарын дагы башка ченемдик укуктук актыларды, адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзам менен коргоого алынган таламдарын сактоого, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылууга жана өзүнө берилген укуктарды толук өлчөмдө пайдаланууга милдеттүү.

2. Омбудсмен (Акыйкатчы) купуялуу маалыматты сактоого милдеттүү. Бул милдеттенме анын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да күчүндө болот. Мындай маалыматтарды жайган учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Омбудсмен (Акыйкатчы) арыз берүүчүнүн жеке турмушу жөнүндө алынган маалыматтарды жана арыз ээсине тиешеси бар башка адамдар тууралу маалыматтарды алардын макулдугусуз жайылтууга укуксуз.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) даттанууну текшерип бүткөндөн кийин анын жыйынтыгы тууралу арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-83)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-10)
