# 83-статья. Эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) иштери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847772..847773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 83-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-83

---

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштери мамлекеттин өз жарандарын анын чегинен тышкары жерде коргоо жана чет элде жашап жаткан мекендештер менен байланышын чындоо боюнча тышкы саясий иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) адам укуктарын коргоо боюнча эларалык уюмдар жана мамлекеттер аралык органдар, чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук органдары менен түз байланыштарды түзүүгө жана адам укуктарын коргоо жагынан алар менен өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;

2) эларалык мамилелерде адам укуктарын коргоо жагынан эксперт катары мамлекеттин атынан өкүл болууга;

3) адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга берилүүчү улуттук баяндамаларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга;

4) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына чет элдик (эларалык) байкоочу болууга; мыйзамда белгиленген тартипте чет элдик (эларалык) байкоочуларды чакырууга;

5) мыйзамда белгиленген тартипте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эларалык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардамдарды алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-82)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-9)
