83-статья. Эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) иштери
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июля 2007 года № 97
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштери мамлекеттин өз жарандарын анын чегинен тышкары жерде коргоо жана чет элде жашап жаткан мекендештер менен байланышын чындоо боюнча тышкы саясий иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) адам укуктарын коргоо боюнча эларалык уюмдар жана мамлекеттер аралык органдар, чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук органдары менен түз байланыштарды түзүүгө жана адам укуктарын коргоо жагынан алар менен өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
2) эларалык мамилелерде адам укуктарын коргоо жагынан эксперт катары мамлекеттин атынан өкүл болууга;
3) адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга берилүүчү улуттук баяндамаларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга;
4) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына чет элдик (эларалык) байкоочу болууга; мыйзамда белгиленген тартипте чет элдик (эларалык) байкоочуларды чакырууга;
5) мыйзамда белгиленген тартипте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эларалык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардамдарды алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.
(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
83-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1093/st-83" title="83-статья - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>