# 7-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 марта 2010 года № 41 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики" и "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/202928)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.03.2010 [Закон КР от 3 марта 2010 года № 41 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики" и "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/202928); 11.06.2008 [Закон КР от 11 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202324); 06.07.2007 [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847777..847778>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 7-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-7

---

Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), анын орун басарларынын ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат;

1) ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен милдеттерин андан ары аткаруудан баш тартканда;

2) Омбудсменге (Акыйкатчыга), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарына карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын кызматын ээлеген адамды дайынсыз жоголду же аны өлгөн деп табуу жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын кызматын ээлеген адам өлгөндө;

5) алар антты бузганда;

6) башка ишке өткөндө же Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары ыйгарым укуктарын аткарууга сыйышпаган ишти ант бергенге чейин таштабаганда;

7) Жогорку Кеңеши Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) баяндаманы жактырбаган учурда;

8) Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;

9) Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары сот тарабынан иш-аракетке жарамсыз деп табылганда.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пунктунун жобосу Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кезектеги ар жылкы баяндамасын угууга чейин кеминде 12 ай ичинде шайланган Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына жайылтылбайт. Омбудсменди (Акыйкатчыны), анын орун басарын мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиздин бар экендиги тууралуу корутундуну Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы берүүгө тийиш. Корутундуга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө тийиш. (3-бөлүк КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (4-бөлүк КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III Глава Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-8)
