Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктук статусу
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2008 года № 114
1. Омбудсмен (Акыйкатчы) кайсы бир мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баш ийбейт. Анын ишине кийлигишүүгө, ар кандай жол менен ага таасир кылууга тыюу салынат жана бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт.
3. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн учурунда жана ал аяктагандан кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн куугунтукка алынышы жана кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
4. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде кол тийбестикке ээ жана Жогорку Кеңешинин макулдугусуз сот тартибинде берилүүчү кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы, камакка алынышы, тинтүүгө алынышы, ошондой эле башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, тинтүүгө же анын жеке өзү да текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кол тийбестиги анын турак-жайына жана кызматтык жайына, кол жүгүнө, жеке жана кызматтык унаа каражаттарына, кат-кабар алышуусуна, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон документтерге да жайылтылат. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары да Жогорку Кеңештин макулдугусуз сот тартибинде коюлган кылмыш жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
5. Омбудсмен (Акыйкатчы) кылмыш жасалган жерде кармалган учурда кармаган кызмат адамы бул жөнүндө Башкы прокуратурасына ошол замат билдирет. Башкы прокуратурасы бул тууралу Жогорку Кеңешине дароо кабарлайт, ал мындай процесстик чараларды андан ары колдонууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 24 сааттын ичинде Жогорку Кеңешинин кармоого макулдугу алынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) дароо бошотулууга тийиш.
6. Жогорку Кеңешинин макулдугун алганда Омбудсменге (Акыйкатчыга) карата кылмыш иши Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.
7. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурларда анын жана анын үй-бүлөсүнүн коргоого алынышы жана коопсуздугу камсыз кылынат.
8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) статусу Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандаты менен сыйышпайт. Омбудсмен (Акыйкатчы) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок. Ушул пункт Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына да жайылтылат.
9. Сыйышпастыктын бардык учурларында Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү ант бергенге чейин анын статусу менен сыйышпаган бардык иштерди токтотууга тийиш. Ал белгиленген талаптарды аткарбаган учурда анын ыйгарым укуктары токтотулат жана Жогорку Кеңеши жаңы Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлайт.
10. (КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 114 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
11. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган учурда мурунку жумушу берилет, ал эми ал болбогон учурда мурдагы иштеген жумуш орду боюнча, же болбосо анын макулдугу менен башка ишканадан, мекемеден, уюмдан, мамлекеттик органдан же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынан башка ошого тете жумуш (кызмат орду) берилет.
12. Өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын орун басарлары аскер кызматына жана аскер жыйындарына чакыруудан бошотулушат.
(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 11.06.2008 · № 114 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1093/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>