# 4-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматына талапкерге коюлган талаптар жана аны шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205335); 23.06.2011 [Закон КР от 23 июня 2011 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203299); 03.03.2010 [Закон КР от 3 марта 2010 года № 41 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики" и "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/202928); 24.02.2009 [Закон КР от 24 февраля 2009 года № 62 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202705); 18.07.2008 [Закон КР от 18 июля 2008 года № 155 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202366); 06.07.2007 [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847780..24677>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 4-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерди билген, 30дан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган жараны Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана алат.

2. Ушул пункттун экинчи абзацында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам, эгерде соттуулугу жоюлбаса жана мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.

Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар; же болбосо ага карата аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адам да Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.

3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат.

Парламенттик фракциялар Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна шайлоо үчүн ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылышат.

4. Омбудсмен (Акыйкатчы) кызматка Жогорку Кеңеши тарабынан бюллетендерди пайдаланып жашыруун добуш берүү менен шайланат.

5. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Омбудсмен (Акыйкатчы), анын орун басары, эгерде анын талапкерлиги үчүн катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелет.

7. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын алалбаса, анда добуштардын эң көп санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда шайланды деп эсептелет.

Эгерде экинчи турда талапкерлердин бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган депутаттардын добуштарынын санын ала албаса, анда депутаттардын добуштарынын эң көп санын, бирок шайлануу үчүн депутаттардын добуштарынын жетишсиз санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт. Үчүнчү турдун жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн көп эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде үчүнчү турда талапкер шайлануу үчүн добуштардын талап кылынган санын алалбаса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт. Эгерде экинчи турда талапкерлердин экөө тең катышкан депутаттардын санынын бирдей сандагы добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, анда бул эки талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин экөө тең кайрадан добуштардын бирдей санын алышса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экиден ашыгы катышкан депутаттардын санынын бирдей санын, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, бул талапкерлер боюнча шайлоо биринчи турдун режиминде өткөрүлөт. Эгерде өткөн добуш берүүнүн натыйжасы кайталанса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди шайлоо боюнча добуш берүү жол-жобосу Жогорку Кеңештин кийинки жыйналышына которулушу мүмкүн эмес.

8. Эгерде шайлануу үчүн жетиштүү болгон добуштардын санын талапкерлердин бири да алалбаса, добуш берилген күндөн тартып 14 күндөн кийин жана 30 күндөн кечиктирилбестен кайра шайлоо өткөрүлөт.

9. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнөн мурдагынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаардан 30 күн мурда шайланат.

11. Ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн себептер боюнча ыйгарым укук мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоо бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

12. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Омбудсмен (Акыйкатчы) бул кызматка өзүнөн кийинки ишин улантуучу кызматка киришкенге чейин кызмат ордунда кала берет.

13. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

14. Бир эле адам Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматын катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

15. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу экиден ашпаган орунбасарлары болот. Орунбасарларды Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши шайлайт жана кызматтан бошотот.

Карыныз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 28-ноябрындагы 2013-жылдын №12-р (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 18-июлундагы № 155, 2009-жылдын 24-февралы № 62, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55, 2014-жылдын 7-июлундагы № 114, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-5)
