# 3-статья. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847772..847773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 3-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-3

---

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты:

1) Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;

2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жана урматталышы;

3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушунун алдын алуу же аларды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;

4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Конституциясына, бул жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;

5) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;

6) адамдын өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусун кодулоонун ар кандай түрлөрүн эскертүү;

7) калктын укук жагынан маалымат алуусуна жана жеке адам жөнүндө маалыматтын купуялуулугунун корголушуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

II Глава Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

(Главанын аталышы КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-4)
