3-статья. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июля 2007 года № 97
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты:
1) Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жана урматталышы;
3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушунун алдын алуу же аларды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Конституциясына, бул жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;
5) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;
6) адамдын өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусун кодулоонун ар кандай түрлөрүн эскертүү;
7) калктын укук жагынан маалымат алуусуна жана жеке адам жөнүндө маалыматтын купуялуулугунун корголушуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
II Глава Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби
(Главанын аталышы КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаргандык…Постановление · 15.03.2006 · № 165 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1093/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>