# 16-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 16-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-16

---

1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

2. Республикалык бюджетте Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын иштешин камсыз кылууга керек болгон каражаттар жыл сайын атайын сап менен каралат. Бул каражаттардын көлөмүн Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Жогорку Кеңеши аныктайт.

3. Чыгымдардын сметасын Омбудсмен (Акыйкатчы) өз алдынча иштеп чыгат жана орундайт.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасы же Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан түзүлө турган келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдардан алынуучу каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлөк булактардын эсебинен да жүзөгө ашырылат.

5. Финансы отчеттору Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-17)
