# 14-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) аппараты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2011 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203299)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.06.2011 [Закон КР от 23 июня 2011 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203299); 06.07.2007 [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847778..847779>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 14-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-14

---

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ишинин Регламентин бекитет, анда ишти уюштурууну жана анын ыкмаларын толук аныктайт.

2. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин камсыз кылуу үчүн Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жумушчу аппараты түзүлөт. Аппараттын түзүмү, штаттык ырааттамасы, анын иш тартиби жана уюштурулушу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан аныкталат.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын Аппараты юридикалык жактын укугуна ээ, эсептик жана башка эсептери, өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган мөөрү жана бланктары бар мамлекеттик орган болуп саналат.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алардын мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

5. Омбудсмен (Акыйкатчы) Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жогорку соттун Конституциялык палатасы, Жогорку соту, Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан расмий таратылуучу маалыматтар жана маалымдоочу материалдар менен камсыз кылынат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-15)
