# 13-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 13-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-13

---

1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишине же анын тергөө жүргүзүүсүнө кайсы бир уюм, бийлик адамдары, жетекчилер чөйрөсүндөгүлөр, болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын кызматтарында иштеген адамдар тарабынан тоскоолдук кылуусу атайын баяндаманын, ошондой эле жыл сайынкы баяндаманын тиешелүү главасындагы эскертүүнүн заты болушу мүмкүн.

2. Бийлик адамы Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүшүнө тоскоолдук кылып, Омбудсмен (Акыйкатчы) талап кылуучу баяндамаларды, ошондой эле тергөөгө керек болуп жаткан актылар менен администрациялык документацияларды берүүдөн баш тартса же шалакылыкка жол берсе, Омбудсмен (Акыйкатчы) тиешелүү чара көрүү максатында Башкы прокуратурасына арыз жөнөтөт.

V Глава Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин уюштуруу

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-14)
