# 12-статья. Суроо-талап коюлган уюмдардын көмөк көрсөтүү милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847772..847773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 12-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-12

---

1. Мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Даттанууну текшерүү жана ал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө же ээлеген кызматына жараша Омбудсмен (Акыйкатчы) жасаган иш-аракеттерде анын орун басарлары болбосо ал иш сапарына жөнөткөн адам ар кандай мамлекеттик органга, мекемеге же ведомствого жеке өзү келе алат жана керек болгон бардык маалыматтар менен таанышып, тиешелүү адамдар менен аңгемелеше алат, ошондой эле зарыл болгон бардык документтерди изилдеп-иликтей алат.

3. Мамлекеттик органдар Омбудсменге (Акыйкатчыга) тергөөнүн заты болуп саналган ишке же кызматка тиешеси болсо, администрациялык мүнөздөгү кандайдыр бир документти берүүдөн баш тарта албайт.

4. Эгерде каралып жаткан даттануу мамлекеттик бийлик органдарынын кызматчыларынын жасаган иш-аракеттерине байланышкан жүрүм-турумуна тиешелүү болсо, Омбудсмен (Акыйкатчы) бул тууралу ал ишке тиешеси бар адамдарга жана анын түздөн-түз башчысына же жогору турган уюмга маалымдайт.

5. Омбудсмен (Акыйкатчы) берилген документтердин чындыгын текшере алат жана кошумча маалыматтарды алуу максатында бул ишке тиешеси бар кызматкерге аңгемелешүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Аңгемелешүүдөн баш тарткан мамлекеттик бийлик органынын кызматкерлеринен Омбудсмен (Акыйкатчы) баш тартуунун себебин көрсөтүү менен өз чечимин жазуу жүзүндө берүүсүн талап кыла алат.

6. Тергөөнүн жүрүшүндө бийлик адамынын жеке өзүнүн сурак берүүсүнөн алынган купуялуу мүнөздөгү маалыматтар аны терс түйшүктөргө салышы мүмкүн, бул жазык сот өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдын кылмыш курамынын белгилери болгон фактыларды айкындоого тиешелүү болгон жоболоруна карама-каршы келбейт.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-113)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-13)
