# 11-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202324)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2008 [Закон КР от 11 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202324); 06.07.2007 [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847773..847774>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 11-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-11

---

1. Жыл сайын 1-апрелге чейин Омбудсмен (Акыйкатчы) Жогорку Кеңешине мурунку жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана өздөрүнүн иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган алардын кызмат адамдары, адамдын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тууралу мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө баяндама берет.

2. Өзүнүн жыл сайын жасалуучу баяндамасында Омбудсмен (Акыйкатчы) келип түшкөн даттануулардын, анын ичинде четке кагылган даттануулардын санын жана мүнөздөмөлөрүн көрсөтүп, аларды четке кагуунун, ошондой эле каралган даттануулардын себептерин көрсөтөт.

3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасында адам укуктары менен эркиндиктерин бузушкан, бул укуктарды калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамалары менен эсептешпеген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары аталууга тийиш.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндаманы өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча жалпы баа берүүнү, корутундуларды жана сунуштарды камтууга тийиш.

5. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамасы мекеменин отчеттук мезгил ичиндеги бюджеттик отчетун камтыган тиркеме менен жабдылат.

6. Жогорку Кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Омбудсмен (Акыйкатчы) баяндамасын оозеки айтып берет, мында депутаттык бирикмелер ага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн чыгып сүйлөй алат.

7. Зарыл болгон учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын айрым маселелери боюнча Жогорку Кеңешине атайын баяндама (баяндамалар) бере алат.

8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары боюнча Жогорку Кеңеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.

9. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары Жогорку Кеңешинин Жарчысында жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

10. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасы мыйзамда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жарыяланууга тийиш.

11. Атайын баяндама жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында Омбудсмендин (Акыйкатчынын) чечими боюнча жарыяланат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-10)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-111)
