Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамалары
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2008 года № 114
1. Жыл сайын 1-апрелге чейин Омбудсмен (Акыйкатчы) Жогорку Кеңешине мурунку жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана өздөрүнүн иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган алардын кызмат адамдары, адамдын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тууралу мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө баяндама берет.
2. Өзүнүн жыл сайын жасалуучу баяндамасында Омбудсмен (Акыйкатчы) келип түшкөн даттануулардын, анын ичинде четке кагылган даттануулардын санын жана мүнөздөмөлөрүн көрсөтүп, аларды четке кагуунун, ошондой эле каралган даттануулардын себептерин көрсөтөт.
3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасында адам укуктары менен эркиндиктерин бузушкан, бул укуктарды калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамалары менен эсептешпеген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары аталууга тийиш.
4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндаманы өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча жалпы баа берүүнү, корутундуларды жана сунуштарды камтууга тийиш.
5. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамасы мекеменин отчеттук мезгил ичиндеги бюджеттик отчетун камтыган тиркеме менен жабдылат.
6. Жогорку Кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Омбудсмен (Акыйкатчы) баяндамасын оозеки айтып берет, мында депутаттык бирикмелер ага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн чыгып сүйлөй алат.
7. Зарыл болгон учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын айрым маселелери боюнча Жогорку Кеңешине атайын баяндама (баяндамалар) бере алат.
8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары боюнча Жогорку Кеңеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.
9. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары Жогорку Кеңешинин Жарчысында жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
10. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасы мыйзамда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жарыяланууга тийиш.
11. Атайын баяндама жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында Омбудсмендин (Акыйкатчынын) чечими боюнча жарыяланат.
(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2008 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (15)
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2660-VI "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)…Постановление · 25.10.2018 · № 2660-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2665-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 2 түзөтүү абагында ден-соолукту…Постановление · 25.10.2018 · № 2665-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2666-VI "Кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына карата соттук экспертизаларды жүргүзүү учурунда Стамбул…Постановление · 25.10.2018 · № 2666-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2668-VI "Ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдардын укуктарынын сакталышы" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын…Постановление · 25.10.2018 · № 2668-VI
- Постановление Жогорку Кенеша от 25 октября 2018 года № 2653-VI "О специальном докладе Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики "Соблюдение прав и свобод этнических кыргызов…Постановление · 25.10.2018 · № 2653-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 25 октября 2018 года № 2654-VI "О специальном докладе Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики "Права лиц, находящихся в Республиканской…Постановление · 25.10.2018 · № 2654-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 25 октября 2018 года № 2657-VI "О специальном докладе Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики "Соблюдение прав человека во время призыва…Постановление · 25.10.2018 · № 2657-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2655-VI "Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы…Постановление · 25.10.2018 · № 2655-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2656-VI "Кыргыз Республикасында аялдардын жана балдардын эмгек укуктарын сактоо: мониторингдин натыйжалары" Кыргыз…Постановление · 25.10.2018 · № 2656-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2658-VI "Бишкек шаарынын жаңы конуштары: жетиштүү турак жайга укук жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар"…Постановление · 25.10.2018 · № 2658-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2659-VI "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын…Постановление · 25.10.2018 · № 2659-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2661-VI "Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук (сот адилеттигин ишке ашыруу: мыйзамдар жана практика)" Кыргыз…Постановление · 25.10.2018 · № 2661-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2663-VI "Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдарга карата стереотиптер жана басмырлоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын…Постановление · 25.10.2018 · № 2663-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2664-VI "Ичүүчү таза сууга жана санитарияга жарандардын укугу" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын…Постановление · 25.10.2018 · № 2664-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2669-VI "Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарынын сакталышы" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын…Постановление · 25.10.2018 · № 2669-VI
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1093/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>