# 10-статья. Арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1093)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2011 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203299)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.06.2011 [Закон КР от 23 июня 2011 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203299); 06.07.2007 [Закон КР от 6 июля 2007 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об омбудсмене (Акыйкатчы) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093#diff=847778..847779>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1041/edition/847772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1093/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө, 10-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-10

---

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында жүрүшкөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатышкан чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болгон арыздарды жана даттанууларды карайт.

2. Омбудсмен (Акыйкатчы) арыздарды жана даттанууларды арыз ээси жогору турган органдын, администрациялык органдын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин талашкан учурда гана жана арыздардын же даттануулардын маселесин караган учурдагы адам укуктары менен эркиндиктерин бузууга тиешелүү болгондо гана карайт.

3. Эгерде жаңы жагдайлар пайда болбосо, Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү мурда чечим кабыл алган маселе боюнча жазылган арызды же даттанууну карабай коюуга укуктуу.

4. Омбудсмен (Акыйкатчы) сот өндүрүшүнүн маселеси болуп калган тигил же бул даттануулар боюнча жагдайларды карабайт жана өз иш-аракетин баштагандан кийин таламдаш жак даттануусун же апелляциясын сотко же Жогорку соттун Конституциялык палатасына жөнөтсө иш-аракетин токтотот. Омбудсмен (Акыйкатчы) кандай гана учурда болбосун тиешелүү орган ага жөнөтүлгөн даттанууну жана апелляцияны белгилүү бир мөөнөттө жана белгилүү бир түрдө карап чыгуусу үчүн кам көрөт.

5. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегиндеги иштер боюнча даттанууларды Омбудсменге (Акыйкатчыга) жөнөтө алышпайт.

6. Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) арызды же даттанууну кароосу ушундай эле арызды же даттанууну тиешелүү эл аралык уюмдун кароосуна тоскоолдук кылбайт.

7. Кармалган, алдын ала камакка алуу жайларындагы жана эркиндикти чектеген дагы башка жерлердеги адамдардын Омбудсменге (Акыйкатчыга) жөнөткөн арыздары, даттануулары менен каттары жашыруун болуп эсептелет; аларды ачууга жана цензурага алууга тыюу салынат; алар Омбудсменине (Акыйкатчысына) токтоосуз түрдө берилүүгө тийиш.

8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) же анын өкүлдөрүнүн мурдагы пункттарда көрсөтүлгөн адамдар менен сүйлөшүүлөрүн тыңшоого же аларга тоскоолдук кылууга болбойт.

9. Кайрылуулар Омбудсменге (Акыйкатчыга) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу белгилүү болгон күндөн тартып бир жыл ичинде жазуу жүзүндө берилет. Өзгөчө жагдайлар болгон учурда бул мөөнөт Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки жылдан ашпайт.

10. Арыз же даттануу кызыккан адам тарабынан аты-жөнүн жана арыз ээсинин дарегин көрсөтүп кол коюлууга тийиш, арыз ээсинин ою боюнча, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган же бузуучу чечимдердин же аракеттердин (аракетсиздиктин) маани-маңызы баяндалып, ошондой эле анын даттануусу боюнча кабыл алынган, эгерде ошондойлор кабыл алынса, чечимдердин көчүрмөлөрү менен коштолот.

11. Арызга жана даттанууга мамлекеттик алым салынбайт.

12. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) таламдаш адамга көрсөткөн кызматтары акысыз болуп саналат.

13. Омбудсмен (Акыйкатчы) түшкөн даттанууларды каттайт жана бул даттанууларды алгандыгы тууралу тилкаттарды берет, кийин ал буларды кароого кабыл алат же четке кагат. Четке каккан учурда ал анын жүйөлүү себебин кат жүзүндө жазып, эгерде өзүнүн ой-пикири боюнча ишти жүргүзүүнүн жакшыраак мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кызыккан адамга кабарлоо менен ал адам жакшы деп эсептеген иш-аракеттерди көрүүсүнө тоскоолдук кылбайт.

14. Омбудсменге (Акыйкатчыга) берилген даттануу арыз ээси же анын өкүлү тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

15. Омбудсмен (Акыйкатчы) тоголок арыз даттанууларды карабайт жана кара ниеттүү, жүйөө себепсиз, дооматсыз даттанууларды, ошондой эле карап чыгуу үчүнчү жактардын мыйзамдык укуктарына зыян келтирүүчү башка даттанууларды четке кага алат. Анын чечимине даттанууга болбойт.

16. Омбудсмен (Акыйкатчы) арызды же даттанууну алгандан кийин аны текшерүүнү баштоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алат.

17. Омбудсмен (Акыйкатчы) кабыл алынган чечим жөнүндө алар отуз күнгө чейинки мөөнөттүн ичинде териштирилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жөнөтүшү үчүн чечим же аракеттер (аракетсиздик) тууралу мамлекеттик органга, ишканага, мекемеге, уюмга, кызмат адамына же болбосо мамлекеттик кызматчыга билдирет.

18. Суралып жаткан баяндаманы берүүгө байланыштуу мамлекеттик кызматчынын же анын жетекчилеринин баш тартуусу же мүчүлүштүктөрү Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан анын милдеттерине каршы багытталган иш-аракеттер катары эсептелиши мүмкүн. Мындай фактыны ал дароо ачыкка чыгарат жана жылдык же атайын баяндамасында билдирет.

19. Кайрылууну кароого кабыл алуудан баш тартуу жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1093/st-11)
