# 9-статья. Арбитрлерди дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=32345..44930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 9-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-9

---

1. Арбитрлердин саны так болушу керек.

2. Бир жолку бейтарап соттун арбитрлерин дайындоо тараптардын макулдашуусунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Тараптар өздөрүнүн каалашынча арбитрлердин санын аныкташы мүмкүн. Эгерде тараптар арбитрлердин санын аныктай алышпаса, анда тараптардын каалаганы туруктуу иштеген бейтарап сотко кайрылууга укуктуу, ал ушул статьяда каралган тартипте үч арбитр дайындайт. (Абзац КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде тараптар арбитрлерди дайындоо тартибин аныкташпаса, анда алар төмөндөгүдөй тартипте дайындалышат:

а) үч арбитри бар бейтарап териштирүү учурунда ар бир тарап бирден арбитр дайындайт жана ушундай жол менен дайындалган эки арбитр үчүнчүсүн дайындайт, ал төрагалык кылуучу болуп эсептелет; эгерде биринчи тарап экинчи тараптын ушул тууралу өтүнүчүн алгандан кийин 30 күн ичинде арбитрди дайындабаса, же эки арбитр дайындалган учурдан тартып 30 күн ичинде үчүнчү арбитрди тандап алуу жөнүндө бир пикирге келише албаса, каалаган тараптын өтүнүчү боюнча үчүнчү арбитр туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасы тарабынан дайындалат;

б) жеке арбитрдин катышуусу менен болуучу бейтарап териштирүү учурунда, эгерде тараптар арбитрди тандап алуу жөнүндө бир пикирге келише албаса, каалаган тараптын өтүнүчү боюнча арбитр туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасы тарабынан мындай өтүнүч түшкөн күндөн тартып 30 күн ичинде дайындалат;

в) эгерде тараптар тарабынан макулдашылган дайындоо учурунда тараптардын бири мындай жол-жобону сактабай турган болсо, же тараптар же арбитрлердин экөөсү мындай жол-жобо менен макулдукка келе алышпаса, каалаган тарап дайыма иштөөчү бейтарап соттун төрагасын бул маселени, арбитрди дайындоо жөнүндөгү маселени да кошо, өздөрү каалагандай чечүү жөнүндө суранышы мүмкүн. Туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасынын тиешелүү чечимине даттанууга болбойт.

4. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, туруктуу иштеген бейтарап сотто бейтарап арбитрлерди дайындоо ушул бейтарап соттун колдонулуучу эрежелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-10)
